COVID-19: Олимпиадачылар менен жолугушуу кийинкиге жылдырылды

Автор

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин Париж Олимпиадасынын жеңүүчүлөрү менен жолугушуусу бир нече спортчуга COVID-19 диагнозу коюлгандыктан кийинкиге жылдырылды. Бул тууралуу өлкө башчынын басма сөз катчысы Берик Уали билдирди.
“Тилекке каршы, бир нече спортчулардан Covid табылды. Бул жолугушууну башка күнгө жылдырууга мажбур кылды. Спортчуларыбызга тезирээк сакайып кетишин каалайбыз”,-деп жазды Уали.
Парижде өткөн XXXIII жайкы Олимпиада оюндарында Казакстан курамасы бир алтын, үч күмүш, үч коло медаль утту. Командалык мелдеште 43-орунга ээ болушту.

Бөлүшүү:
Next Post

«Футбол калыстар мектебине» кабыл алуу башталды

Кыргыз футбол биримдигинин «Футбол калыстар мектебине» 2024-2025-окуу жылына кабыл алуу башталды. Бул тууралуу футбол биримдигинен билдирди. Маалыматка ылайык, окуу курстарын бүткөндөн кийин Улуттук категориядагы калыс болууга ири мүмкүнчүлүк бар. Мындан тышкары ийгиликтүүсү ФИФА калысы боло алат. Мектепти бүтүргөн калыстар КФС алдындагы мелдештерге калыстык кылышат. Окуу акысыз болуп, кечки убакытта өтөт. […]

Сизге жагышы мүмкүн