Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму (ДССУ) мындан ары COVID-19ду глобалдык ден соолук үчүн өзгөчө коркунуч катары карабайт. Бул тууралуу аталган уюмдун башкы директору Тедрос Адханом Гебрейисус билдирди.
“Мен мындан ары биз COVID-19 глобалдык ден-соолукка коркунуч деп эсептебей турганыбызды жарыялайм”,- деди Гебрейюс брифингде.
Ошол эле учурда ал бул коронавирустун жайылуу коркунучу толугу менен өтүп кетти дегенди билдирбейт деп түшүндүрдү.