Coca-Cola компаниясы Австрияда өндүрүштөгү авариядан улам 0,5 литрлик 28 миллион газдалган суусундукту кайтарып ала турганын жарыялады. Себеби алардын курамында металлдын майда сыныктары болушу мүмкүн.
Coca-Cola өкүлдөрү кайтарылып жаткан суусундуктар Coke, Fanta, Sprite жана MezzoMix 0,5 литрлик бөтөлкөлөрүндө экенин, алар 2025-жылдын 4-февралынан 2025-жылдын 12-апрелине чейинки жарактуулук мөөнөтү менен белгиленгенин айтышты.
Австриянын керектөөчүлөрдүн товарларын жөнгө салуучу мекемесинин өкүлү Александр Хенгльдин айтымында, бул Австриядагы акыркы 25 жылдагы эң чоң кайтаруу болуп саналат.
Мекеме жана анын 80 инспектору чекене сатуучулар бөтөлкөлөрдү текчелерден чыгарып жатышканын көзөмөлдөшүүдө.