CAFA U-20: Кыргызстандын курамасы экинчи орунга ээ болду

Автор

Борбордук Азиянын футбол ассоциациянын жаштар чемпионатынын финалы аяктады. Кыргызстандын жана Ирандын курамалары кез келди. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдиги билдирди.
Аталган эл аралык мелдеш Жалал-Абад шаарынын “Курманбек” стадионунда орун алып, Афганистан, Иран, Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстандын командалары катышуусунда өттү.
Финалдык беттеш 0-3 эсебинде атаандаштардын пайдасына аяктап, Кыргызстандын курамасы турнирдин күмүш медалына ээ болду. Кыргыз футбол биримдигинин президенти Камчыбек Ташиев турнирдин жеңүүчүлөрүнө кубокту тапшырды.
Турнирдин жыйынтыгы:
1-орун – Иран;
2-орун – Кыргызстан;
3-орун – Өзбекстан;
4-орун – Тажикстан;
5-орун – Афганистан;
6-орун – Түркмөнстан.

Бөлүшүү:
Next Post

Жарым жылда УКМК тарабынан 50 млрд сом өндүрүлдү

УКМКнын 2024-жылдын 1-жарым жылдыгынын жыйынтыгы боюнча коллегия өттү. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти. Маалыматка ылайык, 2024-жылдын алты айында УКМК тарабынан 70 млрд сомдон ашык каражат аныкталып, анын 50 млрд сому кыска мөөнөт ичинде мамлекеттин казынасына өткөрүлгөн. УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев өлкө тынчтыгын камсыз кылуу жана мыйзамдуулукту орнотуу багытында коюлган тапшырмаларды […]

Сизге жагышы мүмкүн