Салык кызматы тинтүүгө алынды

Автор

Буга чейин Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматы Салык кызматынын Бишкек шаарындагы төрт районуна тинтүү жүргүзүп, кызматкерлерди суракка алып кеткени белгилүү болгон. Айрым маалыматтарда, Салык кызматынын төрага орун басары менен бирге кээ бир начальниктер да камакка алынганы айтылууда. УКМК азырынча комментарий бере элек. Учурда акциздик маркалар боюнча сурак жүрүп жатканы белгилүү болду.

Түштүк Корея өкмөтү аскердик абалды жойду

Автор

Түштүк Кореянын президенти Юн Сок Ёль өлкөдө аскердик абал киргизүү аракетин күтүлбөгөн жерден жасады. Бирок алты сааттан кийин ийгиликсиз аяктады. Парламент аскердик абалды жокко чыгаруу үчүн добуш берди. Президент артка чегинди. Андан кийин министрлер кабинети чогулуп, аскердик абалды жокко чыгаруу үчүн добуш бергени тууралуу Yonhap агенттиги маалымдады. Аскерлер кайрадан өз […]

Гүлнара Каримова азыр кайда?

Автор

Ал учурда Ташкент облусунун Зангиата районундагы аялдар түрмөсүндө жатат. 2015-жылы мамлекеттик мүлктү ыйгарып алуу, арам акчаны адалдоо жана коркутуп, үркүтүү жолу менен каражат талап кылуу боюнча кармалып, 5 жылга калмакка кесилген. Кайра 2020-жылы “мамлекеттик каражатты уурдаган жана бирөөнүн мүлкүн тартып алуу менен Өзбекстандын кызыкчылыгына каршы макулдашууларга барган” деген айып тагылып, […]

Бүгүнкү доллардын курсу

Автор

Бүгүн, 4-декабрь саат 09:30га карата Кыргызстандын коммерциялык банктарда жана акча алмаштыруучу жайларда 1 долларды сатып алуу 86 сом 80 тыйын болсо, сатуу 87 сом 20 тыйынга чейин болууда. Ал эми Улуттук банкта 1 доллардын курсу 86 сом 80 тыйын деп көрсөтүлгөн

Президент кыргызстандыктарды “Манас” эпосунун күнү менен куттуктады

Автор

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 4-декабрда, кыргызстандыктарды “Манас” эпосунун күнү менен куттуктады. Мамлекет башчысынын куттуктоосунда төмөнкүдөй айтылат: “Урматтуу мекендештер! Ардактуу кыргызстандыктар! Бүгүн уюткулуу элибиздин улуу мурасы, элдүүлүгүбүздүн башаты, кылымдарды карытып келе жаткан рухий кенчибиз – “Манас” эпосунун күнү! Мындан улам, Сиздерди “Манас” эпосунун күнү менен чын дилимден куттуктаймын! “Манас” үчилтиги – […]

ТИМ Түштүк Кореядагы кыргызстандыктарды сак болууга чакырды

Автор

Кыргызстандын Тышкы иштер инистрлиги Корея Республикасында аскердик абал жарыялангандыгына байланыштуу маалыматтык билдирүү таратты. Ага ылайык, министрлик Кореянын аймагында жүргөн КР жарандарына тынчтыкты сактап, сак болууга жана өтө зарыл болбосо жашаган жеринен чыкпоону катуу сунуштайт. “Өзүңүздүн коопсуздугуңуз үчүн жергиликтүү бийликтин көрсөтмөлөрүн так аткарып, ар кандай коомдук иш-чараларга, өзгөчө саясий мүнөздөгү иш-чараларга […]