Президент кыргызстандыктарды “Манас” эпосунун күнү менен куттуктады

Автор

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 4-декабрда, кыргызстандыктарды “Манас” эпосунун күнү менен куттуктады. Мамлекет башчысынын куттуктоосунда төмөнкүдөй айтылат: “Урматтуу мекендештер! Ардактуу кыргызстандыктар! Бүгүн уюткулуу элибиздин улуу мурасы, элдүүлүгүбүздүн башаты, кылымдарды карытып келе жаткан рухий кенчибиз – “Манас” эпосунун күнү! Мындан улам, Сиздерди “Манас” эпосунун күнү менен чын дилимден куттуктаймын! “Манас” үчилтиги – […]

ТИМ Түштүк Кореядагы кыргызстандыктарды сак болууга чакырды

Автор

Кыргызстандын Тышкы иштер инистрлиги Корея Республикасында аскердик абал жарыялангандыгына байланыштуу маалыматтык билдирүү таратты. Ага ылайык, министрлик Кореянын аймагында жүргөн КР жарандарына тынчтыкты сактап, сак болууга жана өтө зарыл болбосо жашаган жеринен чыкпоону катуу сунуштайт. “Өзүңүздүн коопсуздугуңуз үчүн жергиликтүү бийликтин көрсөтмөлөрүн так аткарып, ар кандай коомдук иш-чараларга, өзгөчө саясий мүнөздөгү иш-чараларга […]

Бүгүн «Манас» эпосунун күнү белгиленет

Автор

Бүгүн, 4-декабрда Кыргызстанда “Манас эпосунун күнү” майрамдалат. Бул күн Кыргыз Республикасынын 2015-жылдын 27-апрелиндеги №259 токтомдун негизинде маданият, маалымат жана туризм министрлигинин ошондой эле өлкө парламентинин демилгеси аркылуу кабыл алынган. Башкы максаты – “Манас” эпосун улуттук мурас катары сактоо жана жайылтуу, республикада “Манас таанууну” өнүктүрүү жана манасчыларга колдоо көрсөтүү, ошондой эле […]

Якутияга астероид түштү

Автор

Якутиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Якутия аймагынын үстүнөн C0WEPC5 астероиди атмосферадан өткөнүн билдирди. «Тургундардын коопсуздугу бузулган жок. Олекминск жана Ленск райондорунун жашоочулары түндө кометаныкына окшош изди жана жарыкты көрө алышты»,-деп айтылат мекеменин билдирүүсүндө. Astroalert телеграм-каналынын маалыматына ылайык, астероид жергиликтүү убакыт боюнча түнкү 01:14тө түшкөн. Бул Урал федералдык университетинин окумуштууларынын мурда эсептеген […]

Бишкекте жаңы жылдык балаты даяр болуп калды

Автор

Бишкекте борбордук Ала-Тоо аянтта башкы балатыны жасалгалоо иштери кызуу жүрүп жатат. Бул тууралуу мэриясынын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, «Бишкексвет» муниципалдык ишканасынын адистери гирляндаларды орнотууда жана жакында майрамдык оюнчуктарды илип башташат. Буга чейин балатынын каркасын “Тазалык” ишканасынын кызматкерлери орнотушкан. Жаңы жылдык башкы балатынын бийиктиги 32 метр, диаметри 13 метрди […]

4-декабрга карата аба ырайы

Автор

Эртең, 4-декабрда Кыргызстандын аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт, түнкүсүн жана эртең менен туман түшөт. Жолдорго муз тоңуп, тайгалак болот. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн -1…-6, күндүз +5…+10, Талас облусунда түнкүсүн -4…-9, күндүз +2…+7, Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -3…+2, күндүз +6…+11, Ысык-Көл облусунда […]