Ысык-Көлдө мыйзамсыз менчиктештирилген жерлер мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдирди. Атайын кызмат тарабынан жеке менчикке мыйзамсыз чыгарылган өнөр жай объекттерин жана жер тилкелерин аныктоо жана мамлекеттин балансына кайтаруу боюнча иштердин алкагында төмөнкү объекттер кайтарылды: – Түп районунун Түп айылындагы Түп колхоздор аралык курулуш уюмунун 2,30 га аянттагы […]
Автор
Түрк мамлекеттер уюмуна кирген өлкөлөр Түндүк Кипрге элчилик ачты
КИПР мамлекетине (грек тарапка) Өзбекстан, Казакстан жана Түркмөнстан элчиликтерин ачты. Аралдын жарымы Түштүк Кипр Түрк Республикасы деп аталат. Борбор Азиядагы мындай аракеттүүлүк Европанын эшигин ачууга багытталганы божомолдонууда. Эл аралык серепчилер болсо, Өзбекстандын текстили, Казакстандын энергетикалык ресурстары жана Түркмөнстандын жаратылыш газы Батыш өлкөлөрүн кызыктырып, мындан улам Европа биримдиги Борбор Азия өлкөлөрү […]
Согуштан качкан аскердин дареги космостон чыкты
Украинада согуштан качкан аскер космоско учту. Ал Орусиянын атынан Эл аралык космостук станциядан “Союз” борту менен америкалык Жонни Ким жана Орусиялык Сергей Рыжиков менен аба мейкиндигинде 8 ай изилдөө жүргүзөт. Украина бийлиги 2013-жылы Алексей Зубрицкий аттуу аскер пилотунун согуштан качканын жарыялаган. Көп өтпөй анын дареги Краснодар жана Ростов аймактарынан чыккан. […]
Иран ТИМи: АКШ менен сүйлөшүүлөрдүн экинчи айлампасы Оманда өтөт
Ирандын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Исмаил Багаи Irna агенттигине берген маегинде АКШ менен сүйлөшүүлөрдүн экинчи айлампасы Оман мамлекетинде өтөөрүн ырастады. «Тараптар жүргүзгөн кеңешүүлөрдөн кийин сүйлөшүүлөрдүн экинчи айлампанын кабыл алуучу тарап катары Маскат кала берээри чечилди. Бул сүйлөшүүлөр ишемби күнү, 19-апрелде өтөт»,-деп билдирди Багаи.
Москвада зомбулукка кабылган кыргызстандыктар арыз жазуудан баш тартышты
Москвадагы мончолордун биринде зомбулукка кабылган кыргызстандыктар арыз жазуудан баш тартышты. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти. Эмгек министрлигинин Москвадагы өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери мончо комплексинде жабыркаган кыргызстандыктар менен жолуккан. Анда кыргызстандыктарга арыз жазуу сунушталып, бирок алар баш тартышкан. Өкүлчүлүк тарабынан укуктук колдоо көрсөтүлөт. Азыр 24 кишинин ичинен кармалган 22 […]
Дарыгерлер боюнча мыйзамга президент кол койду
Мамлекеттик ооруканалардын башкы дарыгерлерине жана бөлүм башчыларына башка жеке менчик клиникаларда иштөөгө тыюу салган мыйзамга президент кол койду. Өткөн жума Жогорку Кеештин депутаты Кундузбек Кошалиев дарыгерлердин айлык маянасы аз болгондугуна байланыштуу парламент ушул мыйзамды эртерээк кабыл алганын айтып, алгач, ак халатчандардын айлыгын көтөрүү жана шарттарын жакшыртуу боюнча сунушун берген эле. […]