8-апрелде күтүлгөн аба ырайы

Автор

Эртең, 8-апрелде түнкүсүн Алай өрөөнүнүн чыгыш тарабында кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын жаабайт. Күндүз Баткен, Ош, Нарын облустарынын тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөйт. Бийик тоолуу райондордо карга айланат, жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы: Чүйдө түнкүсүн +9…+14, күндүз +21…+26; Талас […]

Өзбекстандын президенти 9-майда Москвага барат

Автор

Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев Экинчи дүйнөлүк согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгына арналган мааракелик иш-чараларга катышуу үчүн 9-майда Москвага барат. Мамлекет башчысынын басма сөз катчысы Шерзод Асадовдун айтымында, бул маселе Шавкат Мирзиёев менен Россия Федерация Кеңешинин төрайымы Валентина Матвиенко менен болгон жолугушууда талкууланган.

Таласта 5 миңден ашык орунга ылайыкталган стадион курулат

Автор

Бүгүн, 7-апрелде Талас шаарынын жаңы Борбордук стадионунун курулушу алдында мезгил кутучасын салуу аземи өттү. Ага Кыргыз футбол биримдигинин президенти Камчыбек Ташиев жана шаардын тургундары катышышты. Талас облусунун учурдагы жалгыз Эшим Кутманалиев стадионунун аймагында алгачкы футболдук беттеш 1937-жылы өткөн. Андан кийинки жылдары, стадион курулгандан тарта бир катар оңдоп-түзөө жана жаңылоодон өткөнү […]

Кыргызстанда жумушсуздардын саны 67,6 миң адамды түздү

Автор

2025-жылдын 1-мартына карата жумуш издеп мамлекеттик иш менен камсыз кылуу кызматында каттоодо турган жумушсуздардын саны 67,6 миң адамды түздү, бул өткөн жылдын ушул күнүнө салыштырмалуу 23,2%га аз. Бул тууралуу Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлигинин маалыматында айтылат. Алардын ичинен 48,4 миң адам жумушсуз деп катталган, же 25,7% аз. Катталган жумушсуздардын […]

Камчыбек Ташиев Таласта жаңы бала бакчанын ачылышына катышты

Автор

Бүгүн, 7-апрелде Талас облусунун Аманбаев айыл аймагында Д.Анарбеков атындагы балдар бакчасы пайдаланууга берилди. Бала бакчанын ачылыш аземине Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары — УКМК төрагасы генерал-полковник К.К. Ташиев, КР УКМК Чек ара кызматынын 2029 аскер бөлүгүнүн өздүк курамы, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, ошондой эле бала бакчанын тарбиялануучуларынын ата-энелери катышты. Белгилей кетсек, […]

Кыргызстанга чет өлкөдөн 245 таза кандуу жылкылар алынып келинди

Автор

2025-жылдын март айына карата Кыргызстанга 245 таза кандуу жылкылар алынып келинди. Бул тууралуу Суу чарба, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, учурда өлкөдө малдын асылдуулугун жогорулатуу максатында чет өлкөлөрдөн асыл тукум малдар алып келинүүдө. Анын ичинен 2025-жылдын март айына карата Кыргызстанга 245 […]