Asman Airlines авиакомпаниясынын экинчи учагы келди

Автор

Кыргызстанга Asman Airlines авиакомпаниясынын экинчи учагы келип конду.
«Манас» эл аралык аэропорту» ААК башкармалыгынын төрагасы Манас Самидиновдун айтымында, бул ички каттамдарды тейлөө үчүн аэропорт сатып алган төрт учактын экинчиси, үчүнчүсү 2025-жылдын январь айында, төртүнчүсү май айында келет.
Ал белгилегендей, 2025-жылдын май айынан тарта төрт учак тең өлкөнүн бардык аймактарына учуп, тургундарга толук кандуу кызмат көрсөтө баштайт.
Эскерте кетсек, сатылып алынган учактардын алгачкысы өлкөгө үстүбүздөгү жылдын сентябрь айында алынып келген.

Бөлүшүү:
Next Post

Трамптын өмүрүнө коркунуч жараткан адам кармалды

АКШда республикачылардан президенттикке талапкер жана өлкөнүн мурдагы лидери Дональд Трампка өлүм коркунучун жараткан деп шектелген кишини кармашты. 74 жаштагы Пол Гавеносиске Трампка карата коркунучтуу сөздөрү жана тартип бузгандыгы үчүн айып тагылды. Бул айыптар ага унаа токтотуучу жайга уруксат алууга келгенде айткан сөздөрүнө байланыштуу коюлган. Пенсильвания полициясы жана АКШнын Кызматтык коопсуздук […]

Сизге жагышы мүмкүн