90 жаштагы альпинист майыптар арабасында Фудзи тоосун багындырды

Автор

90 жаштагы япониялык альпинист Юичиро Миура майыптар коляскасы менен Фудзи тоосунун чокусуна 3 күндө чыкты. 3776 метр бийиктикке чыгууда аны достору жана үй-бүлө мүчөлөрү колдоп, коштоп жүрүшкөн. 90 жаштагы Минура «Баарына рахмат, мен чокуга чыгуу каалоомду ишке ашыра алдым. Бул керемет”,-деди.
Миура 2013-жылы 80 жашында планетанын эң бийик чокусу Эверести багынткан дүйнөдөгү эң кары адам болгон.
2020-жылы альпинист кол-буттун шал оорусуна кабылгандыктан Япониянын эң бийик чокусу болгон Фудзи чокусуна чыгуу татаал болгон.

 

Бөлүшүү:
Next Post

Күндү изилдөөчү түзүм ийгиликтүү учурулду

Индиянын космостук изилдөөлөр уюмунун маалыматы боюнча, Aditya L1 күн станциясы Жердин орбитасына чыкты. PSLV-C57 ракетасы менен Aditya L1 учуруу ийгиликтүү болду. Аппарат спутникти так белгиленген орбитага алып чыкты. Аditya L1 станциясы Жерден 1,5 миллион километр аралыкта жайгашкан L1 чекитинин айланасында орбитага айланып, акыркы көздөгөн жерине жетүү үчүн 125 күн талап […]

You May Like