9-январь АКШда аза күтүү күнү деп жарыяланды

Автор

АКШнын президенти Жо Байден мурдагы мамлекет башчысы Жимми Картердин көз жумганына байланыштуу 2025-жылдын 9-январын улуттук аза күтүү күнү деп жарыялады. Бул тууралуу Ак сарайдын расмий сайтында жарыяланган билдирүүдө айтылат.
«Биздин кайгыбызды бөлүшкөн дүйнө жүзүндөгү адамдарды бизге кошулууга чакырам»,-деп айтылат билдирүүдө. Байдендин буйругуна ылайык, өлкө ичиндеги жана сыртындагы мамлекеттик мекемелерде улуттук желектер 30 күнгө түшүрүлөт.

Бөлүшүү:
Next Post

Кыргыз-кытай чек арасында жер титиреди

Бүгүн, 30-декабрда саат 03:52де кыргыз-кытай чек арасына жакын жерде күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталды. Сейсмология институтунун маалыматы боюнча, жер титирөөнүн очогу Кытайдын аймагында Нарын шаарынан 155 чакырым түштүк-чыгыш тарапта жайгашкан. Калктуу конуштарда жердин силкинүүсү сезилген эмес. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн