9-февраль: Жаан-чачын күтүлбөйт

Автор

Кыргызгидромет билдиргендей, 9-февралда түнкүсүн Чүй, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын тоолуу райондорунда бир аз кар жаайт. Калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз жаан-чачын болбойт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -3…+2, күндүз +8…+13,
Талас облусунда түнкүсүн -4…+1, күндүз +6…+11,
Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн -1…+4, күндүз +8…+13,
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -1…-6, күндүз +2…+7,
Нарын облусунда түнкүсүн -12…-17, күндүз -1…-6.
Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн -1…+1, күндүз +11…+13 градус жылуу болушу күтүлөт.

Бөлүшүү:
Next Post

Президент: Мен жакшы ниети бар кары адаммын

Тактап айтканда, америкалык лидердин документтерди туура эмес сактаганы боюнча атайын прокурордун баяндамасы АКШ президентин кыжырдантты. Анда АКШ лидери «эс тутуму начар улгайган адам» деп аталган. “Мен жакшы ниети бар кары адаммын жана эмне кылып жатканымды билем. Мен президентмин жана бул өлкөнү бутуна тургуздум”,-деди Байден Ак сарайдан. Атайын прокурордун АКШ президенти […]

Сизге жагышы мүмкүн