Эртең, 9-сентябрда тоолуу райондордо жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүйдө түнкүсүн 12…17, күндүз 25…30,
Таласта түнкүсүн 8…13, күндүз 22…27,
Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 13…18, күндүз 29…34,
Ысык-Көлдө түнкүсүн 8…13, күндүз 20…25,
Нарын облусунда түнкүсүн 5…10, күндүз 20…25,
Бишкекте ала-булут каптап турат, жаан жаап, күн күркүрөшү мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн 15…17°, күндүз 27…29° жылуу болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.