9-октябрга карата аба ырайы

Автор

Кыргызгидромет билдиргендей, 9-октябрга караган түнү өлкө аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Ош облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан жаайт, калган аймактарда жаан-чачын болбойт.
Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +6… +11, күндүз +21…+26,
Талас облусунда түнкүсүн +3…+8, күндүз +19…+24,
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +9… +14, күндүз +22…+27,
Ысык-Көл облусу түнкүсүн +4…+9, күндүз +16 …+21,
Нарын облусу түнкүсүн +1…+6, күндүз +16…+21.
Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +8…+10, күндүз +23…+25 градус болот.

Бөлүшүү:
Next Post

Физика боюнча Нобель сыйлыгы машина үйрөнүү ыкмаларын иштеп чыккандарга ыйгарылды

2024-жылдагы физика боюнча Нобель сыйлыгынын лауреаттары америкалык Жон Хопфилд жана британиялык Жеффри Хинтон болушту. Сыйлык заманбап машиналык үйрөнүүнүн негизги принциптерин иштеп чыгууга ыйгарылды. Нобель комитетинин пресс-релизине ылайык, Жон Хопфилд маалыматтарды, сүрөттөрдү жана башка түрдөгү үлгүлөрдү сактап жана калыбына келтире алган ассоциативдик эстутумду түзгөн. Жеффри Хинтон сүрөттөрдөгү белгилүү элементтерди аныктоого жардам […]

Сизге жагышы мүмкүн