9-июлда күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй облусунун айрым жерлеринде, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 15…20, күндүз 29…34,
Талас өрөөнүндө түнкүсүн 10…15, күндүз 27…32,
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 15…20, күндүз 30…35,
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 10…15, күндүз 22…27,
Нарын облусунда түнкүсүн 7…12, күндүз 21…26 градус жылыйт.
Бишкекте өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 17…19°, күндүз 31…33° жылуу болот.