Кыргызгидромет борборунун маалыматы боюнча, 9- августта өлкөнүн айрым аймактарында жаан жаашы ыктымал.
Күндүз Ысык-Көл, нарын облустарынын айрым аймактарында, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолу аймактарында жана тоо этектеринде өткүн өтүп, жаан жаашы күтүлүүдө.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +15…+20, күндүз +28…+33;
Таласөрөөнүндө түнкүсүн +13…+18, күндүз +25…+30;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +17…22, күндүз +30…35;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +11…16, күндүз +24…29;
Нарын облусунда түнкүсүн +7…+12, күндүз +22…+27 градус ысыйт.
Бишкек шаарында түнкүсүн жаан жаашы мүмкүн. Күндүз күн ачык болот. Абанын температурасы түнкүсүн +18…+20, күндүз +31…+33 градус болот.