Голливуд актёру Харрисон Форд июль айында 81 жашка чыгат. Бирок, атактуу актер жакында жаңы блокбастери “Индиана Жонс жана тагдыр дөңгөлөгү” жана “Терапия” комедиялык сериалын тартып бүттү. Ал эми 2024-жылга анын “Marvel Studios” тарабынан пландалган эки тасмасы бар.
Жакында эле кино ардагери CNN телеканалынын көрсөтүүсүнө чыгып, “пенсияга чыгууга убакыт келдиби?” -деген суроого “эс алуу тууралуу ойлогон да жокмун”, – деп жооп берди.
“Жок, жок. Жумушум жок болгондо өзүмдү жаман сезем», – деди ал. «Мен жөн гана иштегенди жакшы көрөм. Өзүмдү пайдалуу сезгенди жакшы көрөм. Бул менин Жонсум жана мен пайдалуу болгум келет”,- деди