8-Түрк дүйнөсү даректүү тасма фестивалынын жеңүүчүлөрү аталды

Автор

8-Түрк дүйнөсү даректүү тасмалар фестивалынын сыйлыктарын тапшыруу аземи Анкарада өттү. Фестивал жарыялангандан бери 23 өлкөдөн 372 даректүү тасма келип түшкөн.

Бул жылы фестиваль 6-февралдагы Кахраманмараш жер титирөөсүндө каза болгон жарандарга арналды. Ошондой эле, 28-сентябрда дүйнөдөн кайткан Түрк дүйнөсүнүн белгилүү инсаны, азербайжандык депутат Ганире Пашаеванын элесине “ Бир тууган-Хакастар” деп аталган Түрк дүйнөсүнүн урмат сыйлыгы Казакстандан Назгүл Кенжетайга берилди.

Түрк дүйнөсүнүн маданиятына жана искусствосуна кызмат кылган музыка изилдөөчү, композитор, ырчы Ирфан Гүрдалга «2023 Түрк дүйнөсү Өмүр бою урмат” сыйлыгы тапшырылды.

8-Түрк дүйнөсү даректүү тасма фестивалында атайын сыйлыктар төмөнкү даректүү тасмаларга берилди:

“Түрк мамлекеттик уюмдары — 2023 Заманбап Жибек Жолу Туризм Алкагы” атайын сыйлыгы Кыргызстандан “Почтален” тасмасы үчүн Ибадилла Ажыбаевге ыйгарылды. “Азербайжан маданият министрлигинин “Азербайджан киносунун 100 жылдыгына арналган” атайын сыйлык “Жер титирөө жана Овакенттен келген өзбектер” аттуу фильми үчүн Түркиядан Хусейин Өзденге берилди. «Жюринин атайын” сыйлыгына “Сириялык космонавт” фильми менен Чарльз Эмир Ричард ээ болду.

8-Түрк дүйнөсү даректүү фильмдер фестивалында студенттик даректүү тасма категориясы сыйлыктары:

«Студенттик даректүү тасма категориясы — 2023 биринчи байге “Чайыбызды терип жаткан Шерида Киран (Түркия-Англия), экинчи сыйлык “Тирик Аскар” Шерзод Назаров (Өзбекстан), үчүнчү “Ак тоонун балдары» Ялчын Чифтчи (Түркия). “2023 студенттик даректүү тасма категориясы боюнча калыстар тобунун атайын сыйлыгы” Кеннеди Гүлбен аарычынын төрөлүшү” (Түркия).

Сыйлык алган даректүү тасмалар 9 өлкөдө көрсөтүлөт. Алгач Азербайжандын Баку шаарында андан соң Казакстанда, Кыргызстанда, Өзбекстанда, Венгрияда, Түндүк Македонияда көрсөтүлүп, Түндүк Кипр Түрк Республикасында жабылып, Нигде Өмер Халисдемир университетинде бүтүшү пландалууда.

Бөлүшүү:
Next Post

Казакстанда НАТОнун Тынчтыкты сактоо борбору иштей баштады

Казакстанда НАТОнун бейпилдик операцияларынын борбору иштей баштады.  Анын ачылышына АКШнын республикадагы элчиси Дэниэл Розеблюм катышты. Элчи Розенблюм Казакстандын Тынчтык операциялар борборундагы жаңы конференц-залдын салтанаттуу ачылыш аземине катышуу сыймыгына ээ болду.  Бул имарат Казакстандын эл аралык бейпилдик күчтөрүн даярдоо мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү үчүн АКШ тарабынан колдоого алынган кезектеги долбоор. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн