8-мартка карата аба ырайы

Автор

8-мартта Чүй, Ысык-Көл облустарынын тоолуу райондорунда кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -2…+3, күндүз 9…14;

Талас өрөөнүндө түнкүсүн 0…-5, күндүз 6…11;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -1…+4, күндүз 10…15;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -1…-6, күндүз 3…8;

Нарын облусунда түнкүсүн -12…-17, күндүз -4…+1.

Бишкек шаарында түнкүсүн -1…+1°, күндүз 12…14° жылуу болот.

Бөлүшүү:
Next Post

Швеция 11-мартта НАТОнун 32-мүчөсү болот

11-мартта Бельгиянын борбору Брюсселдеги НАТОнун штаб-квартирасында Швециянын мүчөлүгүнүн расмий аземи өткөрүлөт. НАТОнун штаб-квартирасында Швециянын желеги көтөрүлөт. Ошентип аталган мамлекет альянстын 32-мүчөсү болуп калат. Венгриянын Улуттук ассамблеясы 26-февралда Швециянын НАТОго кошулуусун жактырды, ошону менен бардык союздаштар үчүн ратификация процесси аяктады. Швеция 2022-жылдын 18-майында НАТОго мүчөлүккө арыз берген. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн