8-июнга карата аба ырайы

Автор

Кыргызгидромет маалымдагандай, 8-июнга караган түнү Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт, калган аймактарда жаан-чачын болбойт.
Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Ош, Баткен, Чүй, Талас, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөйт. Түштүк-чыгыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +15…+20, күндүз +30…+35,
Талас өрөөнүндө түнкүсүн +10…+15, күндүз +28…+33,
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +15…+20, күндүз +28…+33,
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +9…+14, күндүз +20…+25,
Нарын облусунда түнкүсүн +5…+10, күндүз +20…+25.
Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +17…+19, күндүз +33…+35 градус ысык.

Бөлүшүү:
Next Post

Гүлнара Баатырова эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри кызматынан бошотулду

Гүлнара Баатырова эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти. Президент Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, КР Конституциясынын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 4-пунктуна, 71-беренесинин негизинде эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Баатырова Гүлнара Маришовна башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу ээлеген кызмат ордунан бошотулду Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн