8-июлда күтүлгөн аба ырайы

Автор

8-июлга караган түнү Чүй, Ош, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым аймактарында, Жалал-Абад, Талас, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт.

 

Күндүз Чүй, Талас, Ош, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймагында, Жалал-Абаддын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.

 

Абанын температурасы:

 

Чүй облусунда түнкүсүн +14…+19, күндүз +27…+32,

 

Талас облусунда түнкүсүн +12…+17, күндүз +23…+28,

 

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +15…+20, күндүз +30…+35,

 

Ысык-Көлдө түнкүсүн +11…+16, күндүз +22…+27,

 

Нарын облусунда түнкүсүн +8…+13, күндүз +20…+25,

 

Бишкек шаарында 8-июлда өткүн өтүшү мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн +17…+19, күндүз +28…+30 градус болот.

Бөлүшүү:
Next Post

Чолпон-Ата шаарында самбо боюнча дүйнө чемпионаты өтөт

22-августтан 23-августка чейин Кыргызстандын Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында эркектер жана аялдар арасында спорттук жана күжүрмөн самбо боюнча Дүйнө Кубогу өтөт. Эл аралык Самбо федерациясынын (sambo.sport) сайтында маалыматка караганда , мелдеш аяктагандан кийин калыстар үчүн семинар жана машыктыруучулар менен спортчулар үчүн спорттук лагерь өтөт. Улуттук самбо федерацияларынын атынан чыккан улуттук курама […]

Сизге жагышы мүмкүн