8-августта күтүлгөн аба ырайы

Автор

8-августка караган түнү Талас, Жалал-Абад облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Ош, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Чүй, Талас, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.

 

Абанын температурасы:

 

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 15…20, күндүз 27…32;

 

Талас өрөөнүндө түнкүсүн 11…16, күндүз 22…27;

 

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 16…21, күндүз 30…35;

 

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 11…16, күндүз 26…31;

 

Нарын облусунда түнкүсүн 8…13, күндүз 24…29 градус ысыйт.

 

Бишкек шаарында өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Абанын температурасы түнкүсүн 18…20, күндүз 30…32 градус болот.

Бөлүшүү:
Next Post

Порттогу жарылуудан 13 дан сактоочу жай жабыркады

Түркиянын Деринже портунда болгон жарылуудан 16 дан сактоочу жайынын он үчү зыянга учурады. Жалпысынан портто 40 сактоочу жай бар. Жардыруудан каза болгондордун саны 12 адамга жетсе, эки жабырлануучунун абалы оор деп бааланууда. Окуянын себеби техникалык кароодон өткөндөн кийин аныкталат. Түркиянын Транспорт жана инфраструктура министрлигинин маалыматы боюнча, порттогу кемелер жарылуудан жабыркаган […]

Сизге жагышы мүмкүн