77 миң үй-бүлө электр энергиясына жеңилдетилген тариф төлөйт

Автор

Кыргызстанда аз камсыз болгон 77 миң 361 үй-бүлө электр энергиясына жеңилдетилген тариф төлөйт. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, айына 700 кВт / саатка чейин электр энергиясын керектөөдө тариф 50 тыйынды түзгөн, ал эми 2024-жылдын июнь айынан баштап 55,4 тыйынга арзандатуу каралган.
Аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн жеңилдетилген тарифтерди албай жатышынын негизги себеби – ижарага алынган батирлерде, өндүрүштүк жайларда жашагандыктан электр энергиясына жеке эсептердин жоктугу, ошондой эле электр жарыгысыз жашаган үй-бүлөлөр ( электр зымдары жок курулуштарда, энергокомпаниялар менен келишими жок үйлөрдө) болуп саналат.
1-майга карата “Үй бүлөгө көмөк” жөлөкпулун алган үй-бүлөлөрдүн саны 81 508 үй-бүлөнү түзөт.

Бөлүшүү:
Next Post

Путин Зеленский Украинанын башында дагы канча турарын айтты

Владимир Путин Санкт-Петербург эл аралык экономикалык форумунун алкагында дүйнөлүк маалымат агенттиктеринин жетекчилери менен жолугушууда Украинада бийлик алмашуудан мурда мобилизация жашын 18 жашка чейин түшүрүү чечими кабыл алынаарын сунуштады. “Менин оюмча, АКШ администрациясы Украинанын жетекчилигин бул чечимдерди кабыл алууга мажбурлайт, анан алар Зеленскийден кутулат. Мунун баарын ишке ашыруу үчүн бир жыл […]

Сизге жагышы мүмкүн