700гө жакын британ аскери Ливандагы жарандарына жардамга жөнөдү

Автор

Улуу Британия өкмөтү өз жарандарын Ливандан тез арада чыгып кетүүгө чакырды. Өкмөттүн билдирүүсүндө 700 аскери Ливандан британ жарандарын эвакуациялоого жардам берүү үчүн Кипрге жөнөтүлгөнү айтылат.
Кипрде Британиянын Аба күчтөрүнүн «Акротири» авиабазасы жайгашкан.
Мурда The Times гезити Ливанда 10 миңге чейин Улуу Британиянын жарандары болушу мүмкүн деп жазган.
23-сентябрда Израиль Ливанда «Түндүктүн жебелери» аттуу чабуулдук операция баштаганын жарыялаган. 24-сентябрга карата Израилдин чабуулдарынан улам Ливанда 500 миңге жакын адам жер которууга аргасыз болгон. Өлкөнүн саламаттык сактоо министри Ливанда 569 адам курман болгонун билдирген. Жабыркагандардын саны 1835ке жеткен.

Бөлүшүү:
Next Post

Мыйзамсыз сатылган "Кызыл-Белес" тоо лыжа базасы мамлекетке кайтарылды

Аламүдүн районундагы “Кызыл-Белес” тоо лыжа базасы мамлекеттин менчигине кайтарылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти. Маалыматка ылайык, УКМК тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын натыйжасында буга чейин Аламүдүн районунун мамлекеттик мүлктү башкаруу жана жергиликтүү бийлик органдарынын жооптуу кызматкерлери тарабынан жалпы аянты 10 га болгон тоо лыжа базасы жана жайыт жерлери жеке […]

Сизге жагышы мүмкүн