7-сентябрга карата аба ырайы

Автор

Кыргызгидромет билдиргендей, 7-сентябрда түнкүсүн Чүй, Талас, Ысык-Көл облустарынын көпчүлүк аймактарында, Жалал-Абад, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан, тоолуу райондордо кар жаайт. Ош жана Баткен облустарында жаан-чачын күтүлбөйт.
Күндүз Чүй, Талас, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Баткен облустарынын айрым жерлеринде, Чүй, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде жаан катуу жаайт.
Түндүк-батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр, айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +7…+12, күндүз +13…+18,
Талас өрөөнүндө түнкүсүн +5…+10, күндүз +12…+17,
Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +11…+16, күндүз +19…+24,
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +7…+12, күндүз +14…+19,
Нарын облусунда түнкүсүн +4…+9, күндүз +15…+20.
Бишкекте маал-маалы менен жаан жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн +8…+10, күндүз +16…+18 градус болот.

Бөлүшүү:
Next Post

Криштиану Роналду 900 голго жеткен биринчи футболчу болуп калды

Португалия курама командасынын чабуулчусу Криштиану Роналду Улуттар Лигасынын тайпалык баскычында Хорватия менен болгон беттеште гол киргизип, карьерасында 900 гол чегинен ашкан дүйнөдөгү биринчи футболчу болду. Анын артында 62 гол менен аргентиналык футболчу Лионель Месси келатат. 5-сентябрда Португалия УЕФА Улуттар лигасынын тайпалык баскычындагы биринчи оюнунда Хорватияны утуп алды. Лиссабондо 1-дивизиондун А […]

Сизге жагышы мүмкүн