Эртең, 7-сентябрда күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөйт. Калган аймактарда жаан жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүйдө түнкүсүн 8…13, күндүз 23…28,
Таласта түнкүсүн 5…10, күндүз 21…26,
Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 11…16, күндүз 28…33,
Ысык-Көлдө түнкүсүн 9…14, күндүз 19…24,
Нарын облусунда түнкүсүн 3…8, күндүз 22…27,
Бишкекте түнкүсүн 10…12, күндүз 26…28 градус жогору болот.