7-ноябрда журналисттердин кесиптик майрамы — Маалымат жана басма сөз күнү белгиленет.
Басма сөз күнү катары кыргыз тилиндеги туңгуч “Эркин тоо” гезити 1924-жылы дал ушул күндө жарык көргөнүнө байланыштуу белгиленип келет. Кыргызстандын Юстиция министрлигинен миңден ашуун гезит-журнал каттоодон өткөн.
Бирок, 7-8-ноябрда Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү расмий белгиленип, бул күндөр дем алыш деп жарыяланган.
Шей Ноя 7 , 2023
Президент Садыр Жапаров журналисттерди жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүн кесиптик майрамы — Маалымат жана басма сөз күнү менен куттуктады. Мамлекет башчысынын куттуктоосунун тексти: “Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү! Сиздерди кесиптик майрамыңыздар менен чын дилимден куттуктаймын! Кыргыз журналистикасы жана басма сөз маалыматтары эгемендик жылдарында улуттук, маданий жана тарыхый баалуулуктарды бекемдөөгө […]