Эртең, 7-ноябрда өлкө аймактарында жаан чачын болбойт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн 0…+5, күндүз +16…+21,
Талас өрөөнүндө түнкүсүн -2…+3, күндүз +16…+21,
Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +3…+8, күндүз +18…+23,
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 0…+5, күндүз +10…+15,
Нарын облусунда түнкүсүн -2…-7, күндүз +10…+15.
Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +2…+4, күндүз +18…+20 градус жылуу болот.