7-ноябрга карата аба ырайы

Автор

Кыргызгидромет билдиргендей, 7-ноябрда түнкүсүн жана күндүз өлкөнүн көпчүлүк аймактарында жаан, тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн.
Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн -1…+4, күндүз 0…5;
Талас өрөөнүндө түнкүсүн -2…+3, күндүз -1…+4;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 3…8, күндүз 5…10;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -1…+4, күндүз 4…9;
Нарын облусунда түнкүсүн -2…+3, күндүз 4…9;
Бишкек шаарында мезгил-мезгили менен жаан жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, 14 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 8…10° , күндүз 14…16° жылуу болот

Бөлүшүү:
Next Post

Садыр Жапаров Дональд Трампты куттуктады

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Дональд Трампты Америка Кошмо Штаттарынын Президенти болуп шайланышы менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлады. “Улуу Мартабалуу, Сизди Америка Кошмо Штаттарынын Президенти болуп шайланышыӊыз менен чын дилимден куттуктайм. Сиздин лидерлик тажрыйбаӊыз жана терең билимиӊиз Кыргызстан менен Америка Кошмо Штаттарынын ортосундагы өз ара урматтоо […]

Сизге жагышы мүмкүн