“Түркиянын Ихлас Холдинг ишканасынын аракети аркылуу Кыргызстан менен Түркиянын стратегиялык кызматташтыгы өркүндөп, бир катар энергетикалык келишимдерге кол коюлду”,- деп жазды “Türkiye” гезити.
Басылма Orta Asya Investment Holding” ишканасынын башчысы Ахмед Мүжахит Өрен Кыргыз өкмөтү менен биргеликте Казарманда пландалган 1200 мв кубаттуулугунда гидроэнергетикалы станциянын курулушу үчүн келишимге кол койгонун, ошону менен бирге Бишкекте 300 млн доларлык 250 мв кубаттуулугундагы жаратылыш газын иштеп чыгаруучу заводдун курулушу боюнча келишимге келишкенин маалымдады. Келишимдин жалпы каражаты 7 млрд долларды түзөт. Басылма аталган эки долбоор башка өлкөлөрдү кызыктырып келгенин, бирок, Кыргыз өкмөтү түрк компанияларга гана макулдук бергенин жазган.