7-марттын кечинде Кыргызстандын көпчүлүк дубандарында жаан, тоолуу аймактарда кар жаайт. Тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 3…8, күндүз 20…25,
Талас жергесинде түнкүсүн 1…6, күндүз 18…23,
Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 5…10, күндүз 20…25,
Ысык-Көл дубанында түнкүсүн -1…+4, күндүз 9…14,
Нарын облусунда түнкүсүн -9…-14, күндүз -2…+3,
Бийик тоолордо түнкүсүн -16…-21, күндүз -3…+2.
Бишкекте абанын температурасы түнкүсүн 5…7°, күндүз 23…25° градуска чейин жогору болуп, кечке маал жаан жаай турганы күтүлүүдө.