7-мартка карата аба ырайы

Автор

Кыргызгидромет борбору билдиргендей, 7-мартта түнкүсүн Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.
Күндүз Чүй, Талас, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл облустарынын тоолуу райондорунда кар жаайт, башка аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн -4…+1, күндүз +5…+10,
Талас өрөөнүндө түнкүсүн -2…-7, күндүз +3…+8,
Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн -2…+3, күндүз +7…+12,
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -2…-7, күндүз +2…+7,
Нарын облусунда түнкүсүн -12…-17, күндүз 0…-5.
Бишкек шаарында түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз ала булут каптап турат, жаан жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 0…-2, күндүз +8…+10 градуска чейин жылыйт.

Бөлүшүү:
Next Post

Армения Россиядан Звартноц аэропортунан чек арачыларын чыгарып кетүүнү талап кылды

Армения россиялык чек арачыларды Еревандагы Звартноц аэропортунан алып чыгууну талап кылганын Интерфакс өлкөнүн Коопсуздук кеңешинин катчысы Армен Григорянга шилтеме берүү менен билдирди. Путиндин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Кремлге бул боюнча Еревандан эч кандай билдирүү келбегенин айтты. Григорян Ереван аэропортундагы чек араны толугу менен Армениянын коопсуздук күчтөрү гана көзөмөлдөшү керектигин […]

Сизге жагышы мүмкүн