7-майда Путин кайрадан кызматка киришет

Автор

2018-жылдагы шайлоодо жеңип чыккан Владимир Путин орус лидеринин кызматына 7-майда киришет.
Иш-чара салт боюнча Москва убактысы боюнча саат 12:00дө башталат. Болжол менен бир саатка созулат.
Салтанат Кремль сарайында өтөт. Иш-чарага Мамлекеттик Думанын депутаттары, Федерация Кеңешинин мүчөлөрү жана Россия Федерациясынын Конституциялык сотунун судьялары катышат. Ошондой эле Ата Мекенге кызмат көрсөткөндүгү үчүн ордендер менен сыйланган Россиянын Баатырлары, Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү, коомдук уюмдардын өкүлдөрү чакырылган.

Бөлүшүү:
Next Post

Беларуста Кыргызстандын маданият күндөрү өтөт

Беларуста Кыргызстандын маданият күндөрү өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, Баку шаарында өткөн VI Бүткүл дүйнөлүк маданияттар аралык форумуна алкагында маданият министринин орун басары Чыңгыз Эсенгул уулу Беларустун маданият министри Анатолий Маркевич менен жолугушту. Жолугушуу учурунда Чыңгыз Эсенгул уулу Кыргызстандын маданият министри Алтынбек […]

Сизге жагышы мүмкүн