7-июнда күтүлгөн аба ырайы

Автор

Эртең, 7-июнда күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Талас облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Бийик тоолорго кар түшөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 11…16, күндүз 29…34;
Таласта түнкүсүн 8…13, күндүз 26…31
Баткен облусунда түнкүсүн 11…16, күндүз 28…33
Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 12…17, күндүз 29…34;
Ысык-Көлдө түнкүсүн 7…12, күндүз 18…23
Нарында түнкүсүн 5…10, күндүз 19…24 градус жылыйт.
Бишкек шаарында жаан-чачын жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 14…16, күндүз 31…33° ысык болот.

Бөлүшүү:
Next Post

Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолу. Президент кайрылуу жасады

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 6-июнда, Пекин шаарында өткөн Кытай Эл Республикасынын, Кыргыз Республикасынын жана Өзбекстан Республикасынын Өкмөттөрүнүн ортосундагы «Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан» темир жолу долбоорун биргелешип илгерилетүүдө кызматташуу жөнүндө макулдашууга кол коюу аземинин катышуучуларына видеокайрылуу жасады. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди. Мамлекет башчысынын куттуктоо сөзүндө төмөнкүдөй айтылат: […]

Сизге жагышы мүмкүн