Кыргызгидромет борбору билдиргендей, 7-декабрда Чүй, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде, Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаайт, Жалал-Абад облусунун өрөөндөрүндө жана калган аймактарда жаан-чачын болбойт.
Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде туман түшөт. Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот.
Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -1…-6, күндүз -2 … +3,
Талас облусунда түнкүсүн -2…-7, күндүз -2 … +3,
Баткен облусунда түнкүсүн -1…-6, күндүз + 1… + 6,
Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 0…-5, күндүз +2…+7,
Ысык-Көл жергесинде түнкүсүн -3…-8, күндүз 0 … +5,
Нарын облусунда түнкүсүн -12…-17, күндүз -2 … -7.
Бишкекте жаан-чачын болбойт, мезгил-мезгили менен туман түшөт. Абанын температурасы түнкүсүн -3…-5, күндүз 0…+2 градуска жетет.