65 баланын өмүрүн алган дарыны тараткандар каттоого пара берген

Автор

Өзбекстанда 65 баланын өмүрүн алган индиялык дарыны тараткан дистрибьютор препаратты каттоо үчүн пара берген.
Quramax Medikal компаниясынын директору Рагвендра Пратар Doc-1 Max иши боюнча соттук териштирүүдө Мамлекеттик экспертиза жана дары-дармектерди стандартташтыруу борборунун кызматкерине текшерүүдөн өтпөө үчүн 33 миң доллар бергенин мойнуна алды.
Өзбекстанда индиялык Marion Biotech компаниясынын дарысын ичкен 65 бала каза болгон. Бул Doc-1 Max сиропунан өлүмгө байланыштуу кылмыш ишиндеги айыптоо корутундусунан келип чыккан.
Декабрдын аягында Өзбекстандын Мамлекеттик коопсуздук кызматы Doc-1 Max сиропун ичкенден кийин балдардын өлүмү боюнча кылмыш иши козголгонун жана импорттоочу Quramax Medical компаниясы менен Дары-дармектерди стандартташтыруу илимий борборунун кызматкерлери кармалганын билдирген. Ошол эле маалда Өзбекстандын Фармацевтика тармагын өнүктүрүү агенттиги Цинепар Кид, Травамакс жана Амбронол сыяктуу бардык Marion Biotech продукциясын сатууну токтотту.

Бөлүшүү:
Next Post

U-20: Дүйнө чемпионатында Жантөрө Мырзалиев күмүш медаль тагынды

Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча жаштар курама командасынын мүчөсү Жантөрө Мырзалиев Амман шаарында (Иордания) өтүп жаткан Дүйнө чемпионатында күмүш медаль тагынды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти. Маалыматка ылайык, спортчу 63 кг чейинки салмакта катышты. Алгач 1/8 финалдык беттешинде беларус балбанын 10:1 эсебинде жеңди. 1/4 финалдык беттешинде АКШнын балбанын […]

Сизге жагышы мүмкүн