Президенттин тапшырмасына ылайык өлкөдөгү чоң стадиондордун бардыгы калыбына келтирилет. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, Кыргыз футбол биримдигинин башчысы Камчыбек Ташиев Бишкектеги 45 миң орундуу стадиондун курулушунун жүрүшү менен таанышып жатып билдирди.
Анын айтымына караганда, бүгүнкү күндө Кыргызстанда бир дагы талапка жооп бере турган стадион жок.
“Ал 45 миң адамга ылайыкталган жана ФИФАнын бардык талаптарына ылайык курулууда. Жооптуу адистер Түркия жана Англиядан чакырылган, алар иштердин жүрушүн көзөмөлгө алышууда. Куруучулардын 90%ы жергиликтүү жашоочулар. Куруучулар үчүн бул жерде шаарча курулган. Болжол менен 2026-жылы Эгемендик күнүнө объект өзүнүн биринчи көрүүчүлөрүнө эшигин ачат. Бул стадион эки жылдын ичинде курулуп бүтүшү керек. Биздин эсеп боюнча, курулуш иштерине 60 млн доллар керетелет. Балким кичине азырак кетиши мүмкүн. Белгилей кетүүчү жагдай, бул стадион эле эмес, бардык стадиондордо реконструкциялоо иштери жүргүзүлөт”, – деп Ташиев.