60 жылдан кийин түрмөдөн акталып чыкты

Автор

Жапониянын полициясы 60 жыл түрмөдө жатып, акталып чыккан Ивао Хакамада атуу кишиден кечирим сурады. Окуя 1966-жылы болгон. Ивао Хакамада 4 кишинин өлүмүнө шектелип, 30 жашында камакка алынган. 1968-жылы соттун өкүмү чыгып, ал өлүм жазасына кесилген. Кийинчерээк жазасы өмүр бою камакка алмаштырылган. Ошол кездеги Жапон сотунун шектүү аракети дүйнө коомчулугунун талкуусуна кабылган. Анда так эмес далилдер боюнча сөз жүргөн. Натыйжада, укук коргоочулардын көп жылдык аракети менен Хакамада акталып, эркиндикке чыккан. Мекеменин кеңсээсинде полициянын башчысы башын ийип, Ивао Хакамададан кечирим сурады.


Бөлүшүү:
Next Post

БУУ климаттык өзгөрүүлөргө каршы чараларды каржылоо боюнча макулдашууга жетишти

АКШ, Европа жана башка бир нече бай мамлекеттер өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдө климаттык өзгөрүүлөргө каршы күрөшүү долбоорлорун каржылоону үч эсеге көбөйттү. 2035-жылга чейин жылына 300 миллиард доллардан кем эмес каражат бөлүүгө макулдашты. Бул өлкөлөр Париж келишимине берилгендигин көрсөтүштү. Бирок Дональд Трамптын президенттик мөөнөтү сыяктуу тоскоолдуктар күтүлүүдө. Трамп шайлоо алдындагы кампаниясында […]

Сизге жагышы мүмкүн