Эртең, 6-октябрда тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүйдө түнкүсүн 8…13, күндүз 19…24
Таласта түнкүсүн 4…9, күндүз 17…22
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 11…16, күндүз 23…28
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 4…9, күндүз 15…20
Нарын облусунда түнкүсүн -1…+4, күндүз 17…22 градус жылыйт.
Бишкек шаарында түнкүсүн жаан-чачын жаабайт, күндүз кечке жуук жаан жаашы күтүлөт.
Абанын температурасы түнкүсүн 10…12°, күндүз 20…22° жылуу болот.