6-ноябрда күтүлгөн аба ырайы

Автор

Кыргызгидромет билдиргендей, 6-ноябрда түнкүсүн жана күндүз өлкөнүн көпчүлүк аймактарында жаан, тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +5…+10, күндүз +14…+16,
Талас өрөөнүндө түнкүсүн +5…+10, күндүз +10…+15,
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +9…+14, күндүз +12…+17,
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 0…+5, күндүз +9…+14,
Нарын облусунда түнкүсүн -3…+2, күндүз +5…+10.
Бишкекте мезгил-мезгили менен жаан жаайт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 14 метрге чейин жетет. Абанын температурасы түнкүсүн +8…+10, күндүз +14…+16 градус болот.

Бөлүшүү:
Next Post

Орбан: Түрк мамлекеттери уюмун ЕБге окшотуунун кереги жок

Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан 5-ноябрда Бишкекте Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен жолугушууда Түрк мамлекеттери уюмунун өлкөлөрүнө Европа Биримдигине окшошуунун кереги жок деп кеңеш берди. «Европа Биримдигинде төрагалык кылуу менен Венгрияда чындыгында көп иштер бар. Бирок, бул дагы бир күнү бүтөт. Бул жумуштун майда-чүйдөсүнө киргим келбейт. Бул кызматтар оңой эмес. Себеби, […]

Сизге жагышы мүмкүн