Кыргызгидромет борборунун маалыматы боюнча, 6-июнга караган түнү Нарын облусунун айрым жерлеринде өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Калган аймактарда жаан жаабайт. Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым аймактарында, Ош, Жалал-Абад, Чүй облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтөт. Калган аймактарда жаан жаабайт.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +15…+20, күндүз +30…+35,
Талас облусунда түнкүсүн +14…+19, күндүз +28…+33,
Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында түнкүсүн +16…+21, күндүз +31…+36,
Ысык-Көл дубанында түнкүсүн +9…+14, күндүз +22…+27,
Нарын облусунда түнкүсүн +6…+11, күндүз +20…+25.
Бишкекте күн ачык болот. Абанын температурасы түнкүсүн +17…+19, күндүз +32…+34 градус болот.