6-июнга карата аба ырайы

Автор

Эртең, 6-июнга караган түнү Ош, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү мүмкүн. Күндүз Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Чүй облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +11…+16, күндүз +28…+33,
Талас өрөөнүндө түнкүсүн +7…+12, күндүз +25…+30,
Баткен облусунда түнкүсүн +13…+18, күндүз +28…+33,
Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +14…+19, күндүз +29…+34,
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +6…+11, күндүз +19…+24,
Нарын облусунда түнкүсүн +4…+9, күндүз +18…+23.
Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +13…+15, күндүз +30…+32 градус нөлдөн жогору.

Бөлүшүү:
Next Post

Сергей Шойгу Казакстанга келди

Россиянын Коопсуздук кеңешинин катчысы Сергей Шойгу Казакстанга келди. Ал жерде ЖККУ комитетинин жыйынына катышып, бир катар эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрөрүн россиялык басылмалар жазып чыгышты. Шойгу Алматыда Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун Коопсуздук кеңештеринин катчыларынын комитетинин жыйынына катышат, ошондой эле бир катар эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрөт. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн