6-июлда күтүлгөн аба ырайы

Автор

Эртең, 6-июлда күндүз Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, өрөөндөрүндө кыска мөөнөттүү жаан жаап, күн күркүрөйт.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +15…+20, күндүз +24…+29,

Талас өрөөнүндө түнкүсүн +9…+14, күндүз +23…+28,

Баткенде түнкүсүн +16…+21, күндүз +29…+34,

Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +17…+22, күндүз +30…+35,

Ысык-Көл жергесинде түнкүсүн +9…+14, күндүз +19…+24,

Нарын облусунда түнкүсүн +5…+10, күндүз +21…+26.

Бишкекте түнкүсүн өткүн өтүшү мүмкүн, күндүз жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы түнкүсүн +17…+19, күндүз +27…+29 градус болот.

Бөлүшүү:
Next Post

Евро -2024: Жарым финалдын алгачкы жуптары аныкталды

Испания менен Франция футбол боюнча 2024-жылкы Европа чемпионатынын биринчи жарым финалчылары болуп калды. Чейрек финалда Испания командасы Германияны — 2:1, Франция пенальти сериясында Португалияга каршы — 1:0 (пенальти боюнча 5:3) эсебинде жеңишке жетишти. Испания – Франция 9-июлда Мюнхендеги аренада беттешет. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн