Эртең, 6-июлга тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +15…+20, күндүз +26…+31,
Талас облусунда түнкүсүн +11…+16, күндүз +25…+30,
Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +17…+22, күндүз +28…+33,
Ысык-Көлдө түнкүсүн +9…+14, күндүз +22…+27,
Нарын облусунда түнкүсүн +7…+12, күндүз +21…+26,
Бишкек шаарында түнкүсүн +18…+20, күндүз +28…+30 градус болот.