6-декабрга карата аба ырайы

Автор

Кыргызгидромет билдиргендей, 6-декабрда түнкүсүн Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.
Күндүз Чүй, Жалал-Абад, облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар кар жаашы мүмкүн.
Чүй, Талас, Ош облустарынын айрым жерлеринде туман түшөт. Тоолуу аймактарда жолдор тайгалак болот. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн -1…-6, күндүз +1…+6
Талас өрөөнүндө түнкүсүн -2…-7, күндүз 0…+5
Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн -4…+1, күндүз +4…+9
Ысык-Көл жергесинде түнкүсүн -3…-8, күндүз +2…+7
Нарын облусунда түнкүсүн -12…-17, күндүз -1…-6
Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн -3…-5°, күндүз температурасы +3…+5° жылуу болот.

Бөлүшүү:
Next Post

УКМК жактоочу Самат Матцаковдун иши боюнча маалымат таратты

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет адвокат Самат Матцаковдун кылмыш иши боюнча расмий маалымат таратты. Атайын кызмат Матцаков кылмышты жашыруу максатында алдамчылык жана документ жасоо боюнча айыпталып жатканын билдирди. “М.С.А. жактоочулук ишин жүргүзүү менен сот органдарынын кызмат адамдары менен байланышы бар деп, ишенимге кирип, 22 000 АКШ доллары өлчөмүндө акча каражатын […]

Сизге жагышы мүмкүн