500дөн ашык адам үшүктөн куткарылды

Автор

Казакстандын 5 аймагындагы жолдордо 500дөн ашуун адам үшүктөн куткарылганын өлкөнүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдирди.
Абанын температурасы -33 градуска чейин төмөндөшүнө, ошондой эле кар күрткүсүнө жана музга байланыштуу 5 облуста республикалык маанидеги 9 унаа жолунун 9 жана райондук маанидеги 15 тилкесинде транспорттун бардык түрлөрүнүн кыймылына чектөөлөр киргизилди.
ӨКМ билдиргендей, куткаруу иштерине катуу шамал, көрүүнү кыйындаткан жана бийиктиги 1 метрге жеткен кардын катмары тоскоолдук жаратууда.

Бөлүшүү:
Next Post

Депутаттар ломбарддарды жабууну сунушташты

Жогорку Кеңештин депутаттары ломбарддар сүткорлук менен алектенет дешип, жаап салууну сунушташты. Депутат Айбек Алтынбеков “булар жарытып, салык деле төлөшпөйт экен жаап салалы”,- деди эле экономика министри Данияр Амангелдиеа “анда банктарды дагы жаап салыш керек болот. Аларды жаап салууга болбойт, мыйзам менен иреттеп, көзөмөлгө алабыз”,- деп жооп берди. Салык кызматынын өкүлү […]

Сизге жагышы мүмкүн