5-февралда Кыргызстанда жаан-чачын болбойт. Түнкүсүн жана эртең менен айрым жерлерге туман түшөт, батыш тараптан жел согуп турат.
Абанын температурасы:
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -2…-7, күндүз 1…6,
Нарын дубанында түнкүсүн -16…-21, күндүз -6…-11,
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -4…-9, күндүз -1…+9,
Талас жергесинде түнкүсүн -5…-10, күндүз -1…+4,
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -4…-9, күндүз -2…+3,
Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -25…-30, күндүз -8…-13°.
Бишкек шаарында жаан-чачын болбойт. Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Түнкүсүн -6…-8, күндүз 2…4°.