5-октябрь – Мугалимдер күнү!

Автор

Бүгүн, 5-октябрь – Мугалимдер күнү.
2014-жылы 5-октябрь өкмөт тарабынан Кыргыз Республикасынын билим берүү кызматкерлеринин күнү катары бекитилген. Бул тууралуу токтомго 2014-жылы кол коюлган.
Бул күн мугалимдердин коомдогу орду, билим берүү жана өнүгүүдөгү ролуна көңул бурууга багытталган
1994-жылы ЮНЕСКО 5-октябрда Эл аралык мугалимдер күнүн белгилеген.
1994-жылдан бери дүйнөнүн жүздөн ашык мамлекетинде 5-октябрь Мугалимдердин бүткүл дүйнөлүк күнү катары майрамдалып келет. Бул күн мугалимдердин жана билим берүү тармагынын кызматкерлеринин кесиптик майрамы катары белгиленип, алардын билим берүүгө жана коомдун өнүгүшүнө кошкон салымы даңазаланат.

Урматтуу Мугалимдер, майрамыңыз куттуу болсун!

Бөлүшүү:
Next Post

ФСБ: Талибанды террористтердин тизмесинен чыгаруу иштери аяктап жатат

Россиянын коопсуздук кызматынын (ФСБ) директору Александр Бортников КМШ өлкөлөрүнүн коопсуздук жана атайын кызматтарынын жетекчилер кеңешинин жыйынында Россияда «Талибан» кыймылын террористтик уюмдардын тизмесинен чыгаруу иштери аяктап жатканын билдирди. Александр Бортниковдун айтымында, афган бийлигинин аракеттери өлкөдө тартип жана туруктуулукту камсыз кылууга өбөлгө түзүүдө. «Биз атайын кызматтар ортосунда кызматташтыкты орнотуу эки тарапка тең […]

Сизге жагышы мүмкүн