Эртең, 5-октябрда өлкө аймактарында жаан-чачын болбойт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +6…+11, күндүз +23…+28,
Талас өрөөнүндө түнкүсүн +2…+7, күндүз +20…+25,
Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +9…+14, күндүз +24…+29,
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +4…+9, күндүз +16…+21,
Нарын облусунда түнкүсүн -2…+3, күндүз +18…+23.
Бишкекте түнкүсүн +9…+11, күндүз +26…+28 градус болот.