5-ноябрга карата аба ырайы

Автор

Кыргызгидрометтин маалыматына караганда, 5-ноябрда түнкүсүн Чүй, Талас, Жалал-Абад облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, тоолуу райондорго кар түшөт.
Күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын көпчүлүк аймагында, Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде жаан жаап, тоолуу райондорго кар түшөт.
Бийик тоолуу аймактардагы жолдо тайгак болот. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр, айрым аймактарда 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +5…+10, күндүз +11…+16,
Талас өрөөнүндө түнкүсүн +3…+8, күндүз +10…+15,
Баткенде түнкүсүн +6…+11, күндүз +13…+18,
Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +3…+8, күндүз +15…+20,
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +1…+6, күндүз +14…+19,
Нарын облусунда түнкүсүн -2…+3, күндүз +11…+16.
Бишкекте мезгил-мезгили менен жаан жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн +8…+10, күндүз +14…+16 градус жылуу болот.

Бөлүшүү:
Next Post

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган Кыргызстанга келди

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган бүгүн, 4-ноябрда Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келди. Бул тууралуу КР президентинин басма сөз кызматынан билдиришти. Эл аралык “Манас” аэропортунда Түркиянын лидерин президент Садыр Жапаров тосуп алды. Флагштокторго эки өлкөнүн желектери илинип, килем төшөлдү, улуттук боз үй түрүндө инсталляция орнотулуп, Ардак кароол тизилди. Улуттук кийимчен кыздар […]

Сизге жагышы мүмкүн